Turat

“Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Туратбек Матишов Өзгөн жаштары үчүн жыйындар залын ачып берди

“Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Туратбек Матишов Өзгөн райондук жаштар кеңеши жана жалпы эле жаштары үчүн жыйындар залын ачып берди. Өзгөн райондук администрациянын алдында КР 2013-жылы уюшулган жаштар кеңешинин негизги курамы Ош технологиялык университетинин Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттеринен турат.

Жаштар кеңешинин төрагасы, аталган окуу жайдын 5-курсунун студенти Уланбек Жумабаевдин айтымында, буга чейин алардын окуу жайдын имаратында гана жаштар борбору ээлеген чакан бөлмөсү болгон. “Биздин чакан бөлмөдөн бөлөк кеңсебиз жок эле. Айталы, жаштардын жалпы жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок болчу. Бул көйгөй менен биз “Кыргызстан” партиясынын өкүлү Туратбек Матишов агабызга кайрылганбыз. Биздин сөзүбүз жерде калбай, Т. Матишов бизге ушул эле окуу жайдагы 2 кабинетти бириктирип, чоң жыйындар залын заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди. Ошондой эле керектүү эмеректер менен камсыз кылды. Эми дагы керектүү кеңсе техникалары жагын да чечип берүүнү убада кылып отурат. Түзүлгөнүнө аз гана убакыт болгонуна карабастан, жакында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоолордо алгылыктуу ийгиликке жетишкен “Кыргызстан” партиясынын атынан биз сыяктуу алыскы аймактын жаштарын колдогон Туратбек Матишов агабызга ыраазылык билдиребиз. Аталган партиянын мындан кийинки иштеринде көп ийгиликтерге жетише беришине тилектешпиз”, – дейт У.Жумабаев.

Белгилей кетсек, Т. Матишов үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында ушул эле райондун 2500 түтүндүү Бостон айылынын тургундарын таза суу менен камсыздаган эле. Туратбек Матишовдун айтымында, “Кыргызстан” партиясы өзүнүн алдына көп пландарды койгон. “Анын ичинде мамлекеттин эң башкы ресурсу бул анын эли болгондуктан, алыскы аймактарга кол сунуу, келечек жаштарды ар тараптан колдоо – биздин эң негизги багыттардан”, – дейт Т. Матишов.

Исакунова

Таалайкүл Исакунова Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди

“Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Таалайкүл Исакунова Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы жыйынында ант берди.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Таалайкүл Исакунованы ант берүү аземи менен куттуктап, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Таалайкүл Исакунова КР Премьер-министри Темир Сариевдин 2015-жылдын 2-декабрындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп дайындалган Канатбек Муратбековдун ордуна депутат болуп катталды.

“КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Муратбеков Канатбек

Канатбек Муратбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясынын директору болуп дайындалды

КР Премьер-министри Темир Сариевдин 2015-жылдын 2-декабрындагы буйругу менен КР Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Муратбеков Канатбек Камбарбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп дайындалды.

matishov

“Кыргызстан” CПсынын саясий кеңешинин мүчөсү Туратбек Матишов 2500 түтүндүү айылды таза суу менен камсыздады

“Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Туратбек Матишов Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун 2500 түтүндүү Бостон айылынын тургундарын таза суу менен камсыздады. Аталган айылда буга чейин ичүүчү суу болгон эмес. Айыл тургундары 3-4 чакырым алыстыктагы сайдан суу ташып ичип, күн көрүп келишикен.

29-ноябрда “Кыргызстан” партиясынын төрагасынын 1-орун басары Султан Раев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аталган айыл тургундарынын катышуусунда бул саамалыктын ачылыш аземи белгиленди. Айылдын кадырлуу аксакалдарынын бири Асат ажы Абдуллаев ачылыш аземде сүйлөгөн сөзүндө Т. Матишовдун берген убадасына тургандыгына токтоло кетти. “Шайлоо алдында убада берип, акча таратып кеткендер көп болду. Бирок, баары эле убадасына так турган жок. Суу – өмүрдүн булагы. Суудай таза болгула. Мындан кийинки иштериңерди ийгилик коштосун”, – деп батасын берди.

Т. Матишовдун айтымында, ушул жылдын май айында ага таза суу көйгөйүн айтып, аталган айыл аксакалдары кайрылышкан. Аталган долбоордун жалпы баасы 2 миллион сомду түзөт. “1990-жылдагы Ош окуясында биздин айылдан спортсмен агайыбыз каза тапкан. Быйыл 25-майга карата Өзгөн району боюнча 19 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүн чогултуп, агайдын атына байге сайып, спорттук мелдеш өткөргөм. Ошондо таза суунун жоктугунан арыктын суусун ичип, айрыкча жаш балдар көп ооруп жаткандыгын айтышып, Бостон айылынын аксакалдары мага бул көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтүүмдү суранышкан эле. Аксакалдардын батасын алгандан артык ыйык нерсе болбосо керек. Убада бердим эле, аткардым. Насос менен 1600 м бийиктикке чыккан суу цистернага чогулат да, андан ары бүтүндөй айылга тарайт”, – дейт Т. Матишов.

“Кыргызстан” партиясы. Башкалар убада беришет. Биз аткарабыз.

IMG_0239

Арзыбек Кожошев, Экономика министри: “Мамлекет качан өзүнүн мекениндеги бардык улуттарга бирдей мамиле жасаганда гана күчтүү боло алат”

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Экономика министри болуп дайындалган Арзыбек Кожошев мырза бүгүн “Бейне” рубрикабыздын башкы коногу болуп отурат. Экономика илимдеринин кандидаты, доцент, финансы тармагында көп жылдар кызмат кылган Арзыбек мырзадан кыргыз эли өлкө турмушунун кыр аркасы болгон экономика тармагында да олуттуу салымдарды күтөт.

–Арзыбек Орозбекович, сизди жаңы кызматыңыз менен куттуктайбыз жана ийгиликтерди каалайбыз! Бүгүнкү сиз менен болгон маегибизди балалыгыңыздан баштагым келип турат, ошол ширин күндөргө көз салсаңыз?

–Мен 1968-жылдын 25-июнунда Ош шаарында туулгам. Балалык кезим, анын ширин күндөрү негизинен Ош шаарында өттү. Ал эми ата-тегим Папан айылынан болгондуктан, жай мезгилинде тоодо жүрчүмүн. Үй-бүлөдө болсо, балдардын улуусу болгонума байланыштуу, бала кезимен ата-энеме кол кабыш кылып чоңойдум. Ысымымды дагы ата-энем койгон. Максаттарыбызга арзырлык болсун деп Арзыбек коюшкан экен.

–Мектепте кандай окуучу элеңиз, окуучулук күндөрдөн да айта кетсеңиз?

–Окуучулук күндөрүм Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинде өттү. Мектепти мыкты бүттүм деп айткандан бир аз алысмын. Кадимки балдардай эле балалыктын оюнга тойбогон алтын мезгилдеринде тентек болчумун. Жаштыгымда мушташка жакын болуп, спортко көбүрөөк көңүл бурчумун. Бала чагыман бери грек-рим (классикалык) күрөшү менен машыгып, Кыргыз ССРинин бир нече жолку чемпиону болдум. Россияда окуп жүргөн убакта, 1986-жылы Саратов облусунун чемпиону, “Эмгек резервдери” Россия Федерациясынын күмүш байгесинин ээси, 1991-жылдагы Кыргыз Республикасынын студенттер арасындагы спартакиаданын чемпиону болгом. Ошентип, спортко болгон кызыгуум да жөн калып калбаганы, жыйынтыктар менен коштолгону бала кездеги койгон максаттарымды актады.

–Эмгек жолуңуз өспүрүм кезиңизде эле бетончу болуудан башталыптыр. Курулуш тармагында кара жумушта иштөө жаш Арзыбекке кыйын эле болгондур?

–Алдыга жакшы тилектерди коюп, максат кылып жогорку окуу жайга тапшырып, бирок экзаменден өтпөй калгам. Ошол убакта он жети жаштагы гана бала болгондуктан жумуш кылуу максатында бетончу болуп иштегем. Күчкө толуп турган маалым болгондуктан ал жумушту оор деле көргөн эмесмин. Дал ушул сыноо менин кийинки окууга тапшыруума дем күч берди.

— Советтик Армияда кызмат өтөпсүз, азыркы Кыргыз армиясы тууралуу пикириңиз кандай?

–1987-1989-жылдары Советтик Армиянын мыкты делип эсептелген спецназында кызмат өтөдүм. Жашоодогу негизги фундаментти дал ошол армияда курадым десем да болот. Армияда кызыктуу окуялар көп болгон. Азыр Кыргыз армиясы беш-он жыл мурдагыдан бир топ сапаттуу болуп, армияга жогорку деңгээлде көңүл бурулуп калды. Жаштарга айтар элем, ата мекенди сүйүп, армияга барып, кызмат өтөгүлө.
Өзүмдүн уулумду дагы армияга жөнөтүп, ал кызмат кылып келди. Чындыгында армияга үлгү болуп чиновниктердин балдары барса жакшы болор эле.

— КРнын грек-рим күрөшү боюнча Федерациясынын президенти катары айтсаңыз, бул тармакта эмне жаңылыктар болуп жатат жана спорттун бул түрүнө кантип кызыгып калдыңыз эле?

–Күрөшүү өнөрү – ар бир кыргыздын канында бар нерсе. Грек-рим (классикалык) күрөшүнө кызыгуума классикалык күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, 18 жолку Кыргызстандын чемпиону, СССР элдеринин спартакиадасынын 6-орунунун ээси, ЦС “Урожайдын” чемпиону Алым Ажиматов агайым себепкер болгон. Агайымдын жолун жолдоп, СССРдин грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери болдум.
2008-жылдан бери Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча Федерациясынын президентимин. Спорт тармагында алгачкы жолу грек-рим күрөшү боюнча кыргыз спортунун тарыхында Данияр Көбөнов 2011-жылы Гуанджоу шаарында (Кытай) Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду, Урмат Аманов Сингапурдагы өспүрүмдөр арасындагы Олимпиадалык оюндардын чемпиону болду, 2010-2011 жана 2012-жылдары Азия континентинде КР курама командасы 1-командалык орунду ээлеген. Грек-рим стилиндеги күрөш боюнча жетишилген ийгиликтер жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн КР Эмгек сиңирген машыктыруучусу деген наамга татып, Эл аралык күрөш федерациясынын (FILA) алтын ордени менен сыйландым.
Кудай буйруса, жакшы үмүт-тилек менен Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 2016-жылы өтө турган Жайкы олимпиадага балбандарыбызды даярдап жатабыз. Кыргызстан, кудайга шүгүр, дүйнөдөгү мыкты делип эсептелинген балбандарыбыздан кур эмеспиз. Аларды атасам, Данияр Көбөнов, Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Каныбек Жолчубеков жана башка жаңыдан өсүп келе жаткан жаш, күчтүү балбандарга байбыз.
Азыркы учурда грек-рим стилиндеги күрөш боюнча Улуттук курама командабызды Канат Бегалиев инибиз жетектеп, 2016-жылы өтүүчү Жайкы олимпиадага мыкты даярдыктарды көрүп жатышат.

–Экономика илимдеринин кандидаты, докторанты катары, өз кесибиңизди тандоодогу кадамдарыңыз тууралуу айтсаңыз?

–Спортто жүрүп жогорку болбосо дагы, бир канча жетишкендиктерге ээ болдум. Спорттун чебери болдум. Армияда кызмат өтөп келгенден кийин жашоого болгон көз карашым бир топ өзгөрүп, тагыраагы, келечегимди жогорку мамлекеттик кызматтан көргүм келди. Ош мамлекеттик университетин жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин артыкчылык менен бүтүрдүм.
КРнын Улуттук академиясынын аспирантурасын аяктап, экономика илимдеринин кандидатынын окумуштуулук даражасын алдым. Азыркы учурда Кыргыз экономикалык университетинин докторантурасын аяктап, жакынкы арада доктордук даражаны жактоого даярданып жатам.

— Ушул кезге чейинки эмгек жолуңуз тууралуу да сурагым келип турат?

–Финансист катары кесибимдин калыптанышы КРнын Финансы министрлигинин бюджеттик башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттер бөлүмүндө иштешим менен байланышкан.
1995-жылдан тартып, жетектөөчү адистен баштап, башкы адис, жетекчиликке чейин жетиштим.
1999-жылы бөлүмдүн начальниги, 2005-жылдан баштап бюджеттик саясат башкармалыгынын, бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын начальниги болуп иштедим. Финансы системасында иштеген мезгилде мамлекеттик финансылык стратегияны иштеп чыгууда жигердүү салым коштук десем жаңылбайм. Кыргызстандын финансылык системасында мыйзам чыгаруу базасын түзүүдө, “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу”, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Салык кодекси”, “Бажы кодекси” жана “Бюджет кодексин” түзүү ишинде жигердүү катыштым. Кыргыз Республикасын эки тепкичтүү бюджетке өткөрүүдө өзүбүздүн салымыбызды коштук.
Илимий-теориялык чөйрө алкагында, 50дөн ашык илимий публикацияларды улуттук жана чет өлкөлүк басылмаларда, ошондой эле 4 монография жана 2 окуу китебим жарыкка чыкты. “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери” окуу китеби КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайынын студенттери үчүн сунушталды.
2007-жылдын 6-мартынан 2015-жылдын 20-августуна чейинки мезгилдерде Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары болуп эмгектенип келдим. 2015-жылдын 4-ноябрындагы боло турган шайлоого катышуу максатында ээлеген кызматымды тапшырып бердим. Кудайга шүгүр, элдин колдоосу менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болдум. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын экономика министри кызматын аркалап келатам.

–Ата Журтка кызмат кылуу дегенди кандай түшүнөсүз?

–Ар ким өзүнүн чөйрөсүндө иштөөгө өз өмүрүн арнайын деп чечкендерге чынчылдык, ак ниеттик, кесипкөйлүк жана толеранттуулук негизги өзгөчөлүктөрү болуп калууга тийиш деп эсептейм.
Ата-бабалардан бери карай салт болуп калган үй-бүлөнүн, достордун, жакындардын жана өзүнүн абийирин ар дайым жогору коюу. Динге урматтоо менен мамиле кылуу, кудай ар бир адамдын жүрөгүндө болууга тийиш деп эсептейм.
2010-жылы июнь айындагы коогалаң учурунда өлкөбүз экономикалык оор учурду башынан өткөрүп жаткан мезгилге карабастан, Ош жана Жалал-Абад облусунун финансылык, банктык жана фискалдык маселелер боюнча координаторлук, коменданттын орун басарлык милдетин абийирдүүлүк менен аткардым.
Түштүк регионунда кырдаалды турукташтырууга жана финансыны сапаттуу башкарууну камсыздоо боюнча өзгөчө салым кошкондугу жана каргашалуу июнь окуяларында туруктуулукту жана улуттар аралык ынтымакчылыкты орнотууда кошкон салымы жана эрктүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн деп, күч структурасынын ведомстволук I даражадагы «ШЕР» жана «Ардак» медалдары менен сыйландым.
Айта кетчү нерсе, мамлекет качан күчтүү болот? Качан өзүнүн мекениндеги бардык улуттарга бирдей мамиле жасаганда гана күчтүү мамлекет боло алат.

–Жашоодогу позицияңыз?

–Жашоодогу позициям – алга карай умтулуу жана Кыргызстан экономикалык жактан гүлдөп-өскөн мамлекет болушу үчүн өзүмдүн Мекениме кызмат өтөө. Эртең менен ырахаттануу менен өзүң жакшы көргөн ишке, ал эми кечинде жылмайып күтүп алган сүйүктүү үй-бүлөңө кайтуу – чыныгы бакыт деп эсептейм.

Булак: “Де-Факто” гезити

3923_w600_resize-280x186

КР ЖК вице-спикери Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тобу Ош облусундагы абал менен жеринде таанышты

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбековдун тапшырмасы менен 21-ноябрда Ош облусуна барган вице-спикер Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тобу жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдардын абалын сурап, аларга берүү жүрүмү менен таанышты.

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун берген маалыматына караганда, жер титирөөдөн 4 миӊден ашуун үй жабыркаган. Ушу тапта 3925 турак жай жана 5 социалдык объект изилденип чыгып, алардын бузулуу деӊгээли аныкталды. Ал турак жайлары жараксыз абалга келген адамдарга жаӊы үй салып алуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан 200 миӊ сомдук тастыктамалар тапшырыла турганын кошумчалады.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктан жапа чеккен тургундарга 10 жана 30 орундуу 300 палатка, 130 жылытуучу меш таркатып бергени белгилүү болду. Жергиликтүү тургундар жылууланган контейнер жана боз үйлөр, жууркан-төшөк жана азык-түлүктөр менен да камсыз кылынууда.

Вице-спикер Нурбек Алимбеков жаӊы үй салуу үчүн 200 миӊ сом аздык кыларын баса белгиледи. «Менимче, 200 миӊ сом жетишсиз, Өкмөт анын өлчөмүн көбөйтүү маселесин тезинен чечиши керек. Ошондой эле, турак жайы бузулган жергиликтүү тургундардын кыштап чыгуусу үчүн ичи жылууланган контейнерлердин санын 500гө чейин жеткирүү зарыл», – деп, депутат табигый кырсык айттырбай баса турганын эске салуу менен, жергиликтүү тургундарды турак жай курууда курулуш талаптарын бекем сактоого чакырды.

Андан сырткары, Н.Алимбеков жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдарга жардам берүү фондуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан материалдык жардам тапшырды. Ал атайын фондго баардык парламенттик фракциялар да өз салымдарын кошо турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Ош облусундагы абал менен жеринде таанышкан Жогорку Кеӊештин депутаттык тобунун курамында Нурбек Алимбеков, Лунара Мамытова, Акылбек Султанов, Искендер Матраимов, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов, Жыргалбек Калмаматов, Данияр Төлөнов бар. Депутаттык топ Кара-Суу районунан соӊ, Алай районундагы жергиликтүү тургундардын абалы менен да таанышмакчы.

kyrgyzstan_logo

БШК Салайдин Айдаровго КР Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-ноябрда “Кыргызстан” партиясынан КР ЖКсынын депутаттыгына талапкер Салайдин Айдаровго депутаттык мандатын ыйгарды.

С. Айдаров КР Экономика министрлигине дайындалган депутат Арзыбек Кожошевдин ордуна КР ЖКсынын депутаты болуп катталды.

11220064_393183084210866_1435712090506406357_n

Тынчтыкбек Конушбаев Оштогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, өзү 200 000 сом кошоорун билдирди

Бүгүн, 20-ноябрда өткөн Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев фракциянын атынан Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга жардам берүү демилгесин көтөрдү.

Депутат Өкмөт табигый кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандарга 40 контейнер бергенин эске салуу менен, «Кыргызстан» фракциясы да өз салымын кошуусу керектигин айтты. Ошону менен бирге ал өз каражатынан 200 миӊ сом кошоорун билдирди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17синен 18-ноябрына караган түнү саат 23:30 чамасында очогу Ош облусунун Алай жана Кара-Суу райондорунун аймагында болгон күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын натыйжасында бир нече турак үйлөр жараксыз абалга келген.

raev_sultan

Кыргыз адабияты Лондондо: Эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романы Лондондо орус тилинде жарык көрдү

Лондондо Ачык Азия коомунун адабий фестивалы жыйынтыкталды. Ачык Азия коому отуздан ашуун орто азиялык жазуучулардын алтымышка жакын чыгармасын англис тилине которгон. Быйыл кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Архат” чыгармасы англис тилинде чыгып, фестивалда анын эскерүү кечеси өттү.

Эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романы да Лондондо орус тилинде жарык көрдү. Жазуучу жана Кыргызстандын экс-маданият министри Султан Раев фестивалда саламдашуу сөзү менен чыгып, иш-чаранын алкагында Лондондо басылган “Кара” аттуу китебин бет ачаарын өткөрдү.

Аталган маданий иш-чарага сыйлуу конок катары Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Гульнара Искакова, Түркиянын Улуу Британиядагы элчиси Абдуррахман Билгич, Югославия жана Сербия кан бийкеси Катарина катышты.

Белгилей кетсек, быйыл адабий конкурска 22 өлкөдөн 750дөн ашуун автор катышкан.

kyrgyzstan_logo

“Кыргызстан” фракциясынын депутаттары КР ЖК комитет жетекчисинин орун басарлыгына шайланышты

“Кыргызстан” фракциясынын 4 депутаты – Чолпон Эсенаманова, Дастанбек Жумабеков, Азизбек Турсунбаев жана Данияр Төлөнов КР ЖК 12-ноябрдагы отурумунда парламент комитеттеринин жетекчи орун басарлыгына шайланышты:

Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин жетекчисинин орун басарлыгына (жетекчиси Галины Скрипкина, КСДП) Чолпон Эсенаманова («Кыргызстан»);

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жетекчисинин орун басарлыгына (жетекчиси Мирлан Бакиров, «Өнүгүү-Прогресс»), Дастанбек Джумабеков («Кыргызстан»);

Отун-энергетика комплекси жана жаратылыш байлыктарын пайдалануу комитетинин жетекчисинин орун басарлыгына (жетекчиси Кожобек Рыспаев, КСДП), Азизбек Турсунбаев («Кыргызстан»);

Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин жетекчисинин орун басарлыгына (жетекчиси Иса Өмүркулов, КСДП) Данияр Төлөнов («Кыргызстан») шайланды.