shadow

"Менин тандоом! Менин тагдырым! Менин Кыргызстаным!"

Биздин өлкөнүн ар бир жараны – Кыргызстандын жаркын келечегинин баа жеткис ресурсу. Биз жарандарды улутуна, жерлигине, диний көз карашынына карап бөлбөйбүз. Биз Кыргызстан деп аталган бир чоң өлкөнүн жарандарыбыз!

4245
shadow

"КЫРГЫЗСТАН" Саясий Партиясы

“Кыргызстан” партиясы куру убада жана негизсиз сын менен өзүнө кадыр чогултпайт. Ошондуктан, учурда чет өлкөдө жүргөн алдыңкы мекендештерибиз, эң башкысы ЕАЭС аймагында ишенимдүү өнөктөштөр менен мамилелер жолго коюлуп жатат. “Кыргызстан” партиясы чоң саясатка жаңыдан кадам таштап отурат жана биз баарыбыз биргеликте гана сүйүктүү Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө, бийик жетишкендиктерге жеткире алабыз!

Акыркы кабарлар

13

Сен
Жоголгон көчөттүн ар бири 916 сомду түзөт БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чүй облусунун токой чарбасында көгүлтүр карагайдын 1466 көчөтү кемип калганы аныкталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Чүй облусунун прокуратурасы ...

13

Сен
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бейшембиде тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы ...

13

Сен
Жабдуулар Япония өкмөтү бөлгөн 5 миллион 600 миң доллар гранттык каражатка сатып алынды БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат ...

«Кыргызстан» саясий партиясы «7 кадамын» сунуштайт:

I кадам: Ыймандуу Кыргызстан

Биз ыймандуу Кыргызстанды курабыз – ар бир кыргызстандык ыйман принциптерин тутунган, өз тарыхын эсинде сактаган, тынчтыкта жана ынтымакта жашаган өлкөнү курабыз.

II кадам: Дени сак Кыргызстан

Улуттун ден-соолугу эненин жана бѳбѳктүн ден-соолугунан башталат. Демек, алар мамлекеттин камкордугунда болуусу абзел. Мамлекет ар бир адамдын минималдык медициналык кам кѳрүүсүнѳ кепилдик бериши керек.

III кадам: Билимдүү Кыргызстан

Кыргызстандын эӊ зор байлыгы – бул анын билимдүү жаштары. Сапаттуу мектеп, сапаттуу окуу китеби жана сапаттуу билим берүү орто билим берүүнүн ѳзѳгүн түзѳт. Мугалимдердин айлыгынын кѳбѳйүшү инфляция менен индексацияланып туруусу абзел.

IV кадам: Мыйзамдуу Кыргызстан

Биз мыйзам алдында бардыгыбыз бирдейбиз, эч ким ээлеген кызмат ордуна карабастан, мыйзамдан тышкары боло албайт! Басма сѳз эркиндиги жана сѳз эркиндиги — кол тийгис жана баа жеткис байлык. Бийликтин эл алдындагы, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин күчѳтүү маселеси турат.

V кадам: Жигердүү Кыргызстан

Тоо-кен байлыктары – бул бүгүнкү күнгѳ жана же азыркы муунга эле берилген эмес. Ал – келечек муундун дагы энчиси. Суу жана энергетикалык зор мүмкүнчүлүктѳрдү үнѳмдүү, максаттуу жана кирешелүү пайдаланууга убакыт келип жетти.

VI кадам: Кереметтүү Кыргызстан

Биздин жаратылышыбыз ажайып кооз. Эң ириде, бизге келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, айрыкча жол жана инфраструктураларды жаңылоо менен гана бизге келе турган туристтердин санын кѳбѳйтѳ алабыз.

VII кадам: Бакубат Кыргызстан

Кыргызстандын суверенитети эң алыскы, четки айылдардан башталат. Чек ара күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот. Биздин жалпы ишибиз – кѳп улуттуу жана ар кыл диндүү ѳлкѳбүздү биримдикте ѳнүктүрүү жана мамлекетибизди чыңдоо.

shadow