“Кыргызстан” партиясынын курултайы өттү

18-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында “Кыргызстан” партиясынын кезексиз 4-курултайы өттү. Жыйындын башында аймактардан келген делегаттар партиянын жаралышы жана алдыга койгон максаттары тууралуу тасманы көрүштү.

Андан соң жыйынга чакырылган кадырлуу меймандар, элеттен келген делегаттар президиумду жана делегаттарды куттуктап, калоо-тилектерин узатышты.

Бүгүн делегаттар партиянын ыйман жана саламаттык башында турган “7 кадам” деп аталган программасын жактырып жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиядан талапкерлердин тизмесин бекитишти.

Партия лидери Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, алдыдагы парламенттик шайлоого карата партиялык тизменин алдыңкы ондугун санап өттү: Канатбек Исаев, Азиз Турсунбаев, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков, Жыргалбек Калмаматов, Гульмира Орозалиева, Дастан Джумабеков, Урмат Ишенбеков, Тынчтык Конушбаев, Нурлан Макеев, Эльмира Джумалиева, Канат Муратбеков.

Эске сала кетсек, партиянын съездине 800дөн ашуун делегаттар жана 100гө чукул ММКнын өкүлдөрү жана коноктор чакырылган.