“КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясынын платформасы. Бишкек шаары

Урматтуу бишкектиктер!
Сиз Бишкекте төрөлгөнсүз жана ал сиздин шаарыңыз. А мүмкүн, сиз борбор калаабызга жакында келип сиздин жана балдарыңыздын сүйүктүү шаарына айлангандыр.
Бирок биз баарыбыз, бишкектиктер, бир гана нерсени кыялданабыз, биз баарыбыз туруктуу, коопсуз ыңгайлуу жана жапжашыл, таза шаарда жашасак дейбиз.
Урматтуу бишкектиктер!
2016-жылы 11-декабрда биздин сүйүктүү шаарыбыздын, борбор калаабыз Бишкектин келечеги үчүн шайлоо өткөрөбүз.
Бишкек шаарынын тарыхы тууралуу сөз кылсак, дээрлик бир кылымга чукул убакыт мурун, 1926-жылдын 1-февралында Пишпек шаары Кыргызстандын борбору болуп бекитилген экен. Андан аз өтпөй, туура эки айдан кийин Пишпек шаарынын аты советтик полководец Михаил Фрунзенин наамын алган. Ооба, ал кезде айрымдар шаарды Фрунзеград деп атоону да каалашканы бар. Бирок «Фрунзе» деген сөздүн өзү «жашыл» дегенди туюнтат. Ошого жараша Советтер союзу учурунда борборубуз чындап «жашыл шаар» атын алып, башка союздук шаарлардан айырмаланып турганы азыркыга чейин шаардыктардын эсинде. Арыктар толо кашка суу ташкындап, сейил бактардын жапжашыл кооздугу көз жоосун алып, көчөлөр жашыл жээк менен тосмолонуп турганын кантип унуталы?!
XX кылымдын 30-жылдарында биздин шаарыбыз ачкачылыктан арып-ачып Казакстан, Украина, Орусиядан качкынга айланган боордошторубузду кабыл алды. Ал тургай, Европа өлкөсү Чехословакиядан бери туруктуу жумуш, жай турмуш издеп келген 1 500 жумушчуну үй-бүлөлөрү менен кучагын жайып тосуп алып бакыт тартуулады. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш маалында биздин Фрунзеге Москвадан, Ленинграддан, Киев менен Минскиден, Одессадан 100 миңдеген адамдар эвокуацияланып келишти. Ошондой эле согуш маалында бизди борборго завод, фабрикалар, институттар менен театр, аскердик училищелер көчүрүлүп келди. Фрунзеде таанымал советтик интеллигенция өкүлдөрү П. К. Юдахин, А. Малдыбаев, Г. Айтиев, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов, И. В. Панфилов, Ч. Айтматов баштаган улуу элдин залкарлары жашап, иштешти. XX кылымдын 60-70-жылдары борбор шаарыбыз өнүгүп-өсүүнүн чокусуна жетип, бир көргөн адамды суктанткан кооздукка бөлөндү, тазалык менен тартип болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Эх, азыр бизге мына ошол гана жетпей жаткансыйт. Ошол жарым кылымдык убакыт ичинде Кыргызстандын борбору Орто Азиядагы заманбап, индустриялык-өндүрүштүк жана маданий шаарга, Советтер Союзунун ичиндеги эң кооз шаарлардын көч башына айланды.
Ошентип, биз артыбызга, тарыхыбызга кылчайсак, сыймыктануу сезимине туш болобуз. Бирок учурга карасак, тартипсиздик менен коррупцияны көрүп уялабыз. Чындыгында биз, бишкектиктер өзүбүз буга жол бердик. Ушул акыркы 25 жылдын ичинде биз борборубуздун эң сонун атын, баркын жоготтук…
Акыркы он жылдын ичинде шаар өзүнүн баа-баркын жоготуп, кир, чаң сапырылган, сары кунарсыз түскө айланып, жапжашыл жаратылышынан айрылып, сейил бактар кыйроого учурап, иш жүзүндө фабрикалар менен заводдор ишин токтотту. Шаарыбыздан көптөгөн тажрыйбалуу, билимдүү инженерлер, окумуштуулар сыртка кетип, алардын ордун жалкоолор ээледи. Кылмыштуулук күчөп, тартипсиздиктен баш аламандык пайда болду. Коррупционерлер наадандык менен шаардын бюджетине кол салып шаар менчигин колдон талашты, уурдашты. Билим берүү менен маданият артка кетти. Жаңы конуштар үчүн жарытылуу эч нерсе жасалбай, шаар борборуна баш аламан курулуштар шыкалып, коомдук транспорт калкты жеткиликтүү тейлебей, жолдордо кооптуу абал өкүм сүрүүдө. Айрыкча балдарды бүгүн коркпой көчөгө чыгаруунун өзү кыялга айланып баратат.
Биз бул баш аламандыкты токтотуп, тартипке келтиребиз!
Биз аны кандай жасашты билебиз!

Бүгүн заманбап Бишкек Кыргызстандын эң ири шаары катары 1 200 000ден ашык адамды батырып турат. Бишкек бардык каржы-экономикалык, саясий-укуктук, коомдук-маданий, транспорттук жана логистикалык иштердин борбору болуп саналат. Шаарыбызга ар убакта алыскы аймактардан чыгармачыл, таланттуу, демилгечил, биздин жарандар агылып келген жана алар туруктуу жашаган уюткулуу жер.
Мындан ары да борбор шаарыбыз бай, бакубат адамдардын катары менен толукталат. Алар өз бизнестерин ачып, жумуш орундарын түзүшөт. Чыгармачыл борборлорду негиздеп биздин келечегибиз болгон кийинки муунду мекенин сүйгөн духта тарбиялашат. Заңгыраган үйлөрдү курушуп шаарыбызга ыңгайлуу турмуш тартуулашат. Таланттуу чыгармачыл жана уюштургуч бишкектиктерди колдойбуз!
Бишкектиктер – бул чоң күч!
Бишкектик болуу сыймык. Бишкектик – бул сыймыктана турган сөз!
Бишкек – бул Кыргызстандын борбору, дайыма дүйнөнүн ар бурчунан келген сыйлуу коноктордун, туристтердин, ишкерлердин, элчилердин баары борбор калаабыздан орун алышат. Бул, албетте, биз үчүн сыймык. Андыктан Бишкек шаарынын тургундары борбор калаабыздын тазалыгына, жыйнактуулугуна, маданиятына, билим берүүгө, кирешелердин туура агылып кирүүсүнө жана бош убакытты туура пайдаланууга жооптуу болуп, жашоо стандарттары эң жогорку суроо-талаптарга жооп бериши керек.
Ошон үчүн шаар тургундарынын, шайлоочулардын толгон-токой суроо-талаптарын аткаруу үчүн «Кыргызстан» саясий партиясы өз тобубузду түздүк.
Биздин башкы максатыбыз шаарыбызды өнүктүрүү жана туруктуулукту сактап, жарандарыбызга жана конокторго, бардык курактагы адамдарга болушунча коопсуз, ыңгайлуу жана таза шаарды тартуулоо болуп саналат.
Эч качан Бишкекти өзүнүн өнүгүү жолу жок, жөн гана калк жыш жайгашкан пункт катары карап, борбор катары жокко санабаш керек. Бишкек – бул баарыдан мурда шаардын келечегин ойлогон жана ал үчүн кам көргөн жоопкерчиликтүү жана демилгелүү адамдардын шаары. Бишкек – бул бай жана кооз шаарда жашагысы келген, эмгекти сүйгөн жарандардын шаары.
Андыктан ушул жылдын 11-декабрында жакынкы төрт жылдагы Бишкектин жашоосун тандап аласыздар. Төрт жыл бою биз кубанып жана көңүлдүү жашайбызбы же наалып, көңүлүбүз көтөрүлбөй жашайбызбы, муну өзүбүз тандап алабыз. Бирок ар убак шаар бийлигине нааразы болуп, таштанды менен тартипсиздиктен тажап жашоо чегине жетти.
Баарыбыз билгендей, туруксуздук орун алганда, качан болбосун, биринчи бишкектиктер жабыркап, баш аламандыкка туш болушат. Биз өз шаарыбызды жакшыртуунун үстүндө аракеттенип, бирок туруктуулукту сактайбыз, бюджетти базарга айлантпай, шаардыктардын жашоосун төмөндөтпөй, аракеттенебиз.
Мунун баарын саясатчылардын жаңы муунунан куралган «Кыргызстан» партиясы чарбалык чоң тажрыйбасына таянып, коррупцияга эч качан аралашпаган таза колу менен жасайт. Булар – жаңы лидерлер. Биздин программа өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү стратегиясына негизделген. Паракорлукка булганбаган, экономикалык зор тажрыйбага ээ саясатчылардын жаңы тобу түзүлдү. Булар – жаңы лидерлер. Биздин программа биздин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына негизделген.

«Кыргызстан» саясий партиясы тууралуу
«Кыргызстан» саясий партиясы «Мен кыргызстандык, биз – кыргызстан» лозунгу менен 2010-жылы 23-апрелде түзүлгөн. Демилгечи топту жаштар жана келечекке ишенимдүү максат койгон Шаршенбек Абдыкеримов баштап, сөзү менен иши дал келген сергек жарандар коштогон. Негизги максат – жумушсуздук менен күрөшүү жана Кыргызстандын калкынын жашоо шартын жакшыртуу.
Негизги принцип – Кыргызстандын бардык жарандары бирдей жана тең болуусу. Бардык жарандар улутуна, диний ишенимине, жашаган аймагына карабай бирдей укукта жана камкордукта болушу керек.
2015-жылы Чүй облусунун экс-губернатору Канат Исаев партиянын төрага башчысы болуп шайланган. Анын жетекчилигинин алдында мамлекеттик деңгээлде партиянын идеясы «7 кадам» программасы болуп иштелип чыккан.
Парламенттик шайлоого катышуу учурунда шайлоочулар «Кыргызстан» саясий партиясынын максаттары үчүн добуш беришип, азыркы учурда партиябыздын атынан Жогорку Кеңеште 18 депутат карапайым жарандардын кызыкчылыгы үчүн иш алып барып жатышат.
Ошондой эле шайлоочулар биздин партиянын программаларын жогору баалап Ош, Токмок, Кемин, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу шаарларынын жергиликтүү кеңештеринде биздин партиянын атынан шайланган 117 депутат иш алып барууда.
Биздин партиянын жеңиши шайлоочулар туруктуулукту жана тартипти тандаганын айтып турат.

БИЗ ЭМНЕ КЫЛАБЫЗ?
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!
Биз «Борбор» жана «Биздин шаар» деген эки программаны сунуштайбыз.
«Борбор» программасы шаар депутаттарынын ыйгарым укуктарынын жана Жогорку Кеңештеги биздин фракциянын биргелешүүсү менен ишке ашырылат. Борбор шаардыктардыктардын эсеби менен гана эмес, жалпы мамлекеттик долбоорлор жана программалардын жардамы менен да өнүгүшү керек.
«Шаар» программасында көйгөйлөр шаардык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын алкагында чечилет.

«Борбор» программасы
1. Бишкек шаары өзгөчө статуска ээ болууга тийиш.
Биз мэриянын жана шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын жардамы менен «Борбордун статусу жөнүндөгү» жаңы мыйзамды кабыл алып шаарыбыздын динамикалык өнүгүүсү үчүн өз алдыбызча чечим кабыл алабыз. Бул мыйзам бюджетти түзүүдө кирешелерди туура бөлүштүрүүгө бизге өтө керектүү. Белгилүү болгондой, жылына шаар 40 млрд сом киреше түшүргөнү менен бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү республикалык бюджетке которулуп, шаар үчүн 7 млрд сом гана бөлүнөт. Ал эми шаардын өнүгүшү үчүн жылына 15 млрд сом керек болуп келет.
2. Биз Бишкек шаарынын 2035-жылга чейинки өнүгүшүнө арналган башкы планды иштеп чыгабыз. Анткени КРнын Өкмөтү тарабынан 2003-жылы иштелип чыккан азыркы башкы план моралдык жактан «чарчады», азыркы замандын шартына, шаардыктардын суроо-талабына жооп бербей калды.
3. Эми эң маанилүүсү, бүгүн биз Бишкек шаарынын өнүгүшүн жалпы Чүй облусунун өнүгүүсүнүн негизинде карашыбыз керек. Демек, шаардын башкы планын иштеп чыгууда Чүйдүн Токмок, Кант, Кара-Балта шаарлары менен интеграциялык байланыштары эске алынып, заманбап логистикалык жана транспорттук коммуникация жеке жана мамлекеттик өнөктөштүктүн негизинде курулушун камсыздоого аракеттенбиз. Балким, келечекте Токмок-Бишкек-Кара-Балта каттамындагы жогорку ылдамдыктагы электропоезд жүргүзөбүз. Бул бүгүнкү жомок эмес, аракеттер болсо ишке ашуучу мүмкүнчүлүк.
4. Биз бүгүнкү күнгө чейин зарыл болсо да жасалбаган шаардын деталдык пландоо планын иштеп чыгып, кабыл алабыз. Анткени бул маанилүү документтин жоктугу бүгүн борбордогу курулуштун баш аламандыгына алып келүүдө.
Бишкектин башкы планынын концепциясын өзгөртүп, конгломерация (бир борбор) менен агломерация (көп борбор) концепциясын алмаштыруу керек.
Биз шаардык агломерация принциби менен борборлорду – Тунгуч, Жал, Дордой, Аламүдүн-1, Кудайберген жана башка борборлорду түзсөк деген пикирдебиз. Бул борборлордо сизге керектүү бала бакчалар, мектептер, ооруканалар, бизнес борборлор, ишканалар, аймактар, сейил бактар жана башка маданият борборлору жайгашат. Бул бардык борборлор магистралдык объектилерге байланыштуу болот. Бул борборлор менен магистралдык инфраструктура байланышта болот. Бүгүнтөн тарта шаардык агломерция жай тенденция менен ишке аша баштайт. Шаардык агломерция шаардыктардын ыңгайлуу жашоосунун деңгээлин көтөрөт.
5. Мыйзам аркылуу шаардын борбордук бөлүктөрүндөгү тарыхый архитектуралык мурастарды жокко чыгарып, көп кабаттуу курулуштардын курулушуна өзгөчө статустун жардамы менен мүмкүндүк бербөөгө аракеттенебиз. Бул статустагы мүмкүнчүлүк менен шаардын борбордук бөлүгүндөгү бардык базарлар, соода борборлору мамлекеттик жана коммуналдык мекемелер билим берүү тармактарына жана мектепке чейинки мекемелерге кайтарылат.
6. Бишкек шаарына бардык шарттары каралган 50 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган стадион курабыз.
7. Борборго 25 көрүүчү эс ала турган заманбап концерттик зал куруп, ал жерде ири көңүл ачуучу кечелердин, фестиваль, сынактардын өтүүсүнө шарт түзөбүз.
8. Дүйнөдөгү өнүккөн шаарлар менен маданий, ишкерлик, тажрыйба алмашуучу байланыштарды ишке ашырабыз. Шаарлар арасындагы келишимдерге ылайык жумушчу күчүн, студенттерди алмаштырууга жол ачабыз.
9. Бишкек Кыргызстандын облус борборлору – Ош, Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Каракол, Талас шаарлары менен тыгыз байланышта болушу керек. Шаарлар аралык маданий жана экономикалык интеграция жүрүшү абзел.
Биз борборубуздун эң кооз жана ыңгайлуу шаар болоруна жана жакынкы мезгилде дүйнөдөгү эң мыкты 50 шаардын катарынан орун алышына ишенебиз жана ага жетүүнү билебиз.
«Биздин шаар» программасы
Биз шаарыбыздагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоого күчтүү эрк жумшап, ачык-айкын программабыз менен күчтүү тобубуз шайлоого аттандык.
Биздин топ – саясатчылардын жаш мууну жана өз өлкөсүнө жүрөк ооруткан экономикалык жана өндүрүштүк көйгөйлөрдү жүз ирет чечип берүүгө катышкан жаш саясатчылар. Биз шаарыбызды гүлдөгөн кооз шаарга айлантабыз! Биз төңкөрүш, митингдерге жана баш аламандыкка каршыбыз!

1. Шаарыбыздагы туруктуулук – үйүбүздөгү коопсуздук
Учурда ар бир бишкектик «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашпай турганын өтө ынтаа менен байкап отурат. Коррупционерлердин уятсыздыгын ушундан билиңиз, алар жеминен айрылып калбашы үчүн шаардын толук видео көзөмөлдө болушуна каршы чыгып, долбоордун иштен чыгышына жан үрөп жатышат.
Биз бар аракетибиз менен, чоң өжөрлүк менен бул долбоорду ишке ашырабыз. Ошону менен катар эле кошумча долбоорубузду сунуштайбыз.
Биз «КООПСУЗ ҮЙ, КОРОО, КӨЧӨ, ШААР» долбоорун сунуштайбыз.
Анын алгачкы этабында 5000 короого жарык жана видео камераларды орнотобуз. Ошону менен бирге батир ижарачыларын убактылуу каттоонун ыңгайлуу механизмин ишке киргизебиз. Бул ар бир шаардык жашоочунун коңшуларына болгон ишеничин бекемдейт.
Кай жерде жарык жана видео камера болсо, ал жерде булганыч жана тартипсиздик болбойт.
Кай жерде аймактык милиция жакшы иштесе, ал жерде сойкукана жана каракчылык болбойт.
Биз шаардагы суткалык, сааттык батирлерди жоёбуз. Бул – бүгүн аморалдык көңүл ачуучу жайлардын бир түрү. Булардын уятсыз кызмат көрсөтүүлөрү шаардыктардын кыжырын гана келтирбестен, үй-бүлөлөрдү бузуп, балдарга терс таасирин тийгизүүдө. Алардын арты менен сойкулук, баңгилик, массалык мушташтар менен адам өлтүрүүлөр келип чыгууда. Бул ыпластыкты биротоло жоюшубуз керек. Чыдоонун да чеги болот.
Жолдогу коопсуз өткөөл
Биздин тапшырма – коопсуз жолдор менен тротуарларды жасоо. Ал үчүн биз заманбап өткөөл жолдорду жасайбыз:
– Жол чырактардын бирдиктүү заманбап стандарттарын киргизебиз;
– Он беш жер алды менен өтүүчү өткөөлдөрдү курабыз;
– Шаар боюнча 750 жөө өткөөл белгилерин сапаттуу жасап, сызып чыгабыз.

2. Бишкектиктин имиджи – Бишкектин образы
Бишкектик. Биз Бишкектин тургундарынын адеп-ахлактык кодексин иштеп чыгып, ишке киргизебиз. Бул кодекстин негизин «урушпа, сөгүнбө, түкүрбө, аялдамасыз жолдон транспорт күтпө, таштанды таштаба, коомдук транспортто өзүңдү сылык алып жүр, маданиятсыздыкты көрсөң кайдыгер караба» деген моралдык чакырыктар түзөт.
Бишкек кальянсыз, сагызсыз, насвай менен күн карамасыз болушу керек.
Биз борборго 50дөн кем эмес коомдук ажатканаларды курабыз. Коомдук жайда тартип бузгандар менен каалагандай өзүнүн керектөөсүн канааттандыргандарга айып пулду күчөтөбүз.
Коомдук жайда спирттик ичимдиктерди ичип жүргөндөргө катуу тарип чараларын киргизебиз.
Коомдук транспортто жаштар дайыма карылар менен кош бойлууларга, майыптарга орун бошотушу керек.
Шаардыктар сергек жашоого массалык түрдө умтулуп, өздөрүнө маданий имидж түзүүсү керек.
Архитектура. Биз коноктор калаабызга келгенде Кыргызстанга келгенин баамдай турган борборубуздун улуттук образын түзүшүбүз керек. Бул үчүн биз демилгечи шаардыктарыбызга, активист жаштарга, сүрөтчүлөргө, архитекторлорго сынак уюштурабыз.
Биз жарыя, жарнактарга кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлүүсүн талап кылабыз. Кыргыз оймолору бар элементтер ар бир курулуп жаткан имаратта болушу керек.
Курулуш. Курулушчулардын баш аламан аракеттери шаар үчүн баш аламандык жаратышат. Биз биринчи кезекте Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү тарыхый борборду өзгөртүп курууга мораторий кабыл алып, деталдуу пландоону иштеп чыгабыз.
Унаа токтотуучу жайлар – куруучулардын милдети. Жер астындагы унаа токтотуучу жайларды курууга жаңы имараттарды куруп жаткан куруучулар жооптуу. Такси кызматтары үчүн муниципалдык унаа жайларын курууну колго алабыз.
Тез арада шаардын борборундагы кооптуу май куюучу жайларды шаар сыртына чыгарабыз.
Жашыл жана таза шаар. Шаарды жашылдандырууда мурдагыдай токой бак-дарактарын отургузбай, урбан-ландшафт дарактарынын атайын сортун отургузабыз. Анткени ал дарактар адамдарга кулап кетүү ж. б. ушуга окшогон кырсыктардан, коркунучтардан сактайт.
Шаардагы арыктарды, сугат системасын калыбына келтирүү. Бишкекте жыл сайын 1500дөн ашуун бак-дарактарды отургузуп, бирок көбү суу жетпегенден куурап калат. Мыйзам аркылуу токойлорду, сейил бактардын аянтын транцформациялап, шаардыктар эс алуучу жайларды тарытууга бөгөт коёбуз.
Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп, таштанды тазалоону жеке колдорго беребиз. Бул – азыркы шартта эл аралык өзүн актаган практика.
Транспорт. Бардык шаар жүргүнчүлөрү үчүн коомдук-муниципалдык транспорт БЕКЕР!
Шаардыктар өздөрү жана балдары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспорт менен камсыз болуп, ал бекер болууга тийиш. Биз Бишкек үчүн бери дегенде бардык шарттары бар, экологиялык жактан коопсуз 500 троллейбустар менен автобустарды сатып алабыз. Бул үчүн атайын муниципалдык автопарк уюштурулат.
Биз мектеп автобустарын каттатуубуз зарыл. Биринчи этапта 35 автобус окуучуларды мектепке жана үйгө акысыз жеткирет.
Авто бейбаштык жасагандар менен аёосуз күрөшөбүз. Күндүз ашыкча жүктүү автоунаалардын шаарга киришине тыюу салабыз.
Маршруттук таксилердин аялдамага гана токтоосун жолго салабыз.
Мектеп окуучулары жана студенттер, пенсионерлер, мугалимдер, дарыгерлер акысыз жүрүүсүн жолго коёбуз.

3. Шаарыбыз балдарыбыз үчүн!
Биз мектептерде жана бала бакчаларда балдарга жакшы билим берүү үчүн күрөшөбүз. Элдин билим деңгээли гана анын коопсуздугун, гүлдөп өсүшүн жана эркиндигин аныктайт. Учурда Бишкекте 30дай мектеп жетишпейт. Класстар өтө ашыкча толгон. Биз Бишкекте мамлекеттик да, жеке менчик да жаңы мектептердин курулушун демилгелейбиз жана ар тараптан колдойбуз.
Мектеп жемкорлуктары. Мектепке же бала бакчаларга орношууда, ошондой эле ар бир иш-чаралардагы жемкорлук болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Бул кыжыр келтирерлик нерсе. Биз жемкорлукту жоготуу боюнча депутаттык комиссия түзөбүз.
Жеткиликтүү баалар менен жаңы муниципалдык жана жеке менчик бала бакчаларды ачабыз.
Мектептерди жана бала бакчаларды куруу – биздин партиянын программасында биринчи орунда турат.
Биздин балдар ашыкча толгон класстарда окубашы үчүн жаңы мектептерди курабыз.
Бала бакчаларды балдарга кайтаруу саясатын улантабыз.
Балдардын чыгармачылык жана көңүл ачуу борборлорун ачабыз.
Жеткиликтүү бааларда балдар үчүн жаңы спорт борборлорун ачабыз.
Биз балага каршы ар кандай зомбулукту мыйзамдын жеткен чегинде жазаланышын талап кылабыз.
Биздин балдарыбыз сөзсүз бизден жакшы жашашы керек. Биз мунун ишенимдүү болушун каалайбыз.
Балдардын өсүп-өнүгүүсүнө жумшалган инвестициялар – келечек үчүн эң жакшы инвестициялар.
Бардыгы кыргыз тилин окууну каалашат. Биз кыргыз тилинин жеткиликтүү окутулушун колдоо саясатындабыз. Бирок окутуунун дидактикалык жана методикалык ыкмалары өтө төмөн деңгээлде турат. Адаптивдүү адабият жок, кыргыз тилинде заманбап окуу куралдары жок, дүйнөлүк адабий-публицистикалык да, илимий-педагогикалык да адабият кыргыз тилине которулбай калды.
Биз бардык каалоочулар үчүн кыргыз тилин окутуу боюнча курстарды өткөрүү үчүн 25 муниципалдык борборлордун акысыз негизде ачылышын демилгелейбиз.
Ошол эле учурда орус тилинин маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү маанилүүлүгүн да унутта калтырбашыбыз керек. Шаардыктардын орус тилин үйрөнүүсүн өз калыбында улантып, илим-билимде, жогорку технологияларды өздөштүрүүдө, техника илимдеринде суурулуп чыгуусуна шарт түзүлүшүн жактайбыз.
Бул үчүн биз орус тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн бекер окутуу борборун ачабыз.
Орус тили – кең дүйнөгө терезе.

4. Мэриянын иши
Жаңы конуштар
2019-жылы Бишкек шаарынын айланасындагы бардык жаңы конуштарды керектүү коммуникация менен – электр энергиясы, таза суу, канализация, жылуулук, интернет, асфальтталган жол менен камсыздоону аяктайбыз.
Жаңы конуштар менен кичи райондордун айырмачылыктарын жоюбуз. Ага жетишүү үчүн жаңы конуштардын инфраструктураларын өнүктүрүү иштерин жандандырып, андагы жашоо деңгээлин жогорулатуу максатын көздөгөн заманбап шаар деңгээлине чыгабыз. Бишкекти жаңы конуштар менен кичи райондор деп бөлүүнү токтотобуз.
Жаңы конуштардын бардыгында борбордогудай үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иштеп, фелдьшердик-акушердик пункттар жандуу иш алып барышы керек. Саламаттыгынан жабыр тарткандар шаар ичинен кезек күтүп отурууга болбойт.
Административдик-территориалдык реформа жүргүзөбүз. Анткени аймактык райондоштуруу жагынан Бишкек шаарынын жаңы көркөмдүүлүгүн камсыздоону заман талабы деп билебиз.
ЖТБ (МТУ) жоюп, анын аткарган жумуштарын ЖӨБ (МСУ) структураларына өткөрүп беребиз.
Үй башкармалыктарынын, кварталдык комитеттердин жана (ТСЖ) төрагаларынын ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү – учурдун талабы. Биз буга жетишебиз. Анткени алар – чарбалык иштердин чыныгы билермандары.
Жашылдандырууну жана тазалыкты камсыздаган мэриянын бардык кызматтарынын – «Зеленстрой», «Тазалык», «Бишкексвет», «Бишкекшаар сууканал», «Бишкек жылуулук түйүндөрү» ишканаларынын натыйжалуу иштөөсүн камсыздайбыз.
Акырындык менен жер алдындагы инженердик коммуникацияны жаңылап, алмаштырабыз. Анткени азыр акыбал оорлоп, жаңыланууну күтүп турат.
2019-жылы шаардагы лифттер менен көп кабаттуу тамдардын эски чатырларын толук алмаштырабыз.
Бюджет. Шаардын кирешесин арттырууда республикалык бюджетке кетип жаткан каражатты тең бөлүштүрүүгө жетишип, шаардын бюджетин жок дегенде 35 пайызга жеткиребиз. Шаар бийлигин кайрадан администрациялоо жана төлөмдөрдү чогултуу жагынан жигердүү иш алып барабыз. (Мисалы, таштандыларды тазалоо акысын азыркы тапта калктын болгону 55% гана төлөйт).
Шаардын муниципалдык менчигин натыйжалуу жана ачык-айкын башкаруу аркылуу каражаттын казынага келип түшүүсүн кыйла арбытабыз.
Эң маанилүүсү, программалык бюджетке өтөбүз.
Бардык мүлктөрдүн эсебин тактап, инвентаризациялап, паспорттоштуруу иштерин колго алабыз. Жер тилкелеринин муштумдай болгон кичинекей бөлүгүнөн өйдө каттоого алып, алардын пайдаланууга берилишин тыкыр көзөмөлдөйбүз. Жер аянттарын каттоого алууда тиешелүү кадрларды иштеп чыгып, алардын максаттуу колдонулушу боюнча акыйкат иш алып барабыз.

Биз шаар депутаттарынын шаардыктардын алдындагы жоопкерчилигин калыбына келтиребиз!

Бул үчүн шаардык кеңештин депутатын шайлоочулар тарабынан кайра чакыртып алуу механизмин иштеп чыгабыз.

Элди угуу – эл үчүн иштөө.
Ар бир айдын аягында биз бишкектиктердин алдында программабыздын аткарылышы боюнча отчёт бергенге даярбыз.
Биздин максат – туруктуу, өнүккөн Бишкекти куруу.
Бул максатка жетүү үчүн болгону бишкектиктер шайлоо күнү биригүүсү керек. «Кыргызстан» партиясынын программасына добуш берүү менен сиз Бишкек шаарынын сиз жана сиздин балдар кыялдагандай шаар болушуна добуш бересиз.

БИЗ ЖАШАЙБЫЗ –
БИЗ ТАНДАЙБЫЗ!