“Кыргызстан” саясий партиясы 2010-жылдын 23-апрелинде түзүлгөн. Жаңы саясий уюмдун төрагасы катары ошол кезде ийгиликтүү ишкер жана меценат Шаршенбек Абдыкеримов шайланган. Партиянын негизги өзөгүн жөнөкөй жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган реформаларды жүргүзүүнү максат кылган жаш жана амбициялуу саясатчылар түздү.

2015-жылда өтчү парламенттик шайлоону утурлай, партия кезектеги съездин өткөргөн. Анда бүткүл өлкө аймагынан келген 300дөн ашуун делегат партиянын жаңы уставын бекитишип, жаңы программанын манифестин кабыл алышты. Партиянын лидери болуп, Чүй облусунун эск-губернатору Канатбек Исаев шайланды.

Жаңы команда алдына амбициалуу максат койду. Ал – алдыда өтчү шайлоодо жеңишке жетүү. Биз бийликке портфелге ээ болуу же кандайдыр бир жеңилдиктерге жетишүү үчүн барбайбыз. Биз ар бир кыргызстандык реалдуу өзгөрүүлөрдү сезишин жана өлкө эл аралык аренада татыктуу орунга ээ болушун каалайбыз.

«Мен кыргызстандыкмын! Биз – Кыргызстан». Биздин өлкөнүн ар бир жараны  –Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн керек болчу кымбат ресурс. Биз элди улуттарга, диний же аймактык принциптерге карап бөлбөйбүз. Биз Кыргызстан деп аталган бир зар өлкөнүн жарандарыбыз!

“Кыргызстан” партиясы парламентке өтүп гана тим болбостон, мүмкүн болушунча өлкө жашоочуларынын көп бөлүгүнүн ишенимине арзып, саясий чечимдерди кабыл алууда да көңүл борборунда болууну көздөйт.

“Кыргызстан” партиясынын өз шайлоочуларына жасаган  «7 кадам:

I кадам: Ыймандуу Кыргызстан

Ар бир кыргызстандык жана ар бир айыл, ар бир эмгек жамааты ыйманды бекем тутканда гана ыймандуу Кыргызстанды кура алабыз. Ыймансыз коом – келечексиз коом. Кыргызстандагы бүт салттуу диндер ѳзгѳчѳ колдоого муктаж. Биздин байыркы каада-салттарыбыз, нарк-насилдерибиз, маданий кѳрѳңгѳлѳрүбүз,эң ириде адамды ыйманга тарбиялап келген.

II кадам: Дени сак Кыргызстан

Улуттун ден-соолугу эненин жана бѳбѳктүн ден-соолугунан башталат. Демек, алар мамлекеттин камкордугунда болуусу абзел. Мамлекет ар бир адамдын минималдык медициналык кам кѳрүүсүнѳ кепилдик бериши керек.

III кадам: Билимдүү Кыргызстан

Кыргызстандын эӊ зор байлыгы – бул анын билимдүү жаштары. Акыркы учурда бала-бакчаларга жеңилдик берилип, мамлекеттик колдоо кѳрсѳтүлүп жаткандыгы бизди кубандырат. Бул саясатты жигердүүлүк менен улантабыз.

IV кадам: Мыйзамдуу Кыргызстан

Кудай алдында жана мыйзам алдында бардыгыбыз бирдейбиз, эч ким ээлеген кызмат ордуна карабастан, мыйзамдан тышкары боло албайт. Басма сѳз эркиндиги жана сѳз эркиндиги кол тийгис жана баа жеткис байлык болуп кала бермекчи. Бийликтин эл алдындагы, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин күчѳтүү маселеси турат.

V кадам: Жигердүү Кыргызстан

Тоо-кен байлыктары – бул бүгүнкү күнгѳ жана же азыркы муунга эле  берилген эмес. Ал – келечек муундун дагы энчиси. Демек, тоо-кен байлыктарын азыркы коомдун жана келечек муундун кызыкчылыктарын эске алуу менен  экологияга кесепеттерин тийгизбей туура пайдалануу баарыбыз үчүн парз.

VI кадам: Кереметтүү Кыргызстан

Биздин жаратылышыбыз ажайып кооз. Кыргызстандын керемет кооз табиятын жана меймандос элин кѳрѳбүз деп тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчунан кѳксѳгѳндѳр кѳп. Эң ириде, бизге келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларга ыңгайлуу  шарттарды түзүү, айрыкча жол жана инфраструктураларды жаңылоо менен гана бизге келе турган туристтердин санын кѳбѳйтѳ алабыз.

VII кадам: Бакубат Кыргызстан

Борбор шаарыбыз – Бишкек. Бирок Кыргызстандын суверенитети эң алыскы, четки айылдардан башталат. Чек ара күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот. Биздин жалпы ишибиз – кѳп улуттуу жана ар кыл диндүү ѳлкѳбүздү биримдикте ѳнүктүрүү жана мамлекетибизди чыңдоо. Биз – бирдиктүү калкпыз.